ОЙ ІІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Казуу, чуңкурайтуу. [Ашыр] Мустафа менен бирге көмүрдүн катуу катмарын оюп иштеп жатышты (Сасыкбаев). Кайгынын баарын коёлу, Кара жерди биз быйыл Кетмендеп жатып оёлу («Манас»). 2. Тешүү, чукуп салуу. Бош эмес бардык аңыздар, Төмөндө коон, дарбыз бар, Бөйрөгүн оюп кетпесин, Карга деген кансыздар (Осмонов). Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы). 3. Металлдын, жыгачтын ж. б. бетине из түшүрүп сүрөт, түр салуу, оймонун үлгүсү, формасы боюнча кесүү. Үйлөр турат жашылдарга бөлөнүп, Тукабаны сүрөт менен ойгондой (Токомбаев).